Бишкек автобекети иштеп жатат

  • 1 день мурун

Бишкек шаарында Алматы көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы штаттык режимде ишин улантууда.

Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 23-октябрдан баштап батыш автобекети, анын ичинде «Акжол» кичи автобекети ишин толугу менен токтотуп, аны көчүрүү боюнча иш жүргүзүлдү.

Буга чейин батыш автобекети жана «Акжол» кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар жаңы, Бишкек автобекетинен жөнөйт.

«Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасы эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт.

Учурда, шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болуш үчүн, батыш автобекетинен жана «Акжол» кичи автобекетинен «Бишкек автобекети»муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине чейин автобус каттамы уюштурулуп, жүргүнчүлөрдү ташып жатат.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты