Бир катар өлкөлөр жарандарын Ливандан чыгып кетүүгө чакырды

  • 2 месяца мурун

Германия, Италия, Норвегия жана Бахрейн жарандарын Ливандан чыгып кетүүгө жана ал жакка барбай турууга чакырды. Мындан тышкары бир катар авиакомпаниялар Ливанга учууну токтотту.

Дүйшөмбү күнү Германиянын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ливандагы өз жарандарын чыгып кетүүгө чакырган.

Deutsche Welle кабарлагандай, немис ТИМинин кризистик тизмесинде 1300дөй адам бар. Германиянын Бейруттагы элчилиги жарандарды чыгарып кетүүгө көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары Италия, Норвегия жана Бахрейн жарандарын чыгып кетүүгө чакырды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Ливандагы жарандарына STEP программасына катталып, ИИМдин билдирүүлөрүн жана эскертүүлөрүн түз алып турууга, өлкөдөн чыгып кетүүгө даяр болууга чакырды. Индия да өз жарандарына элчиликтин сунуштарынан кабардар болуп туруусун айтты.

Ал арада бир катар авиакомпаниялар: Lufthansa немис компаниясы, швейцариялык Swiss Airlines жана Eurowings компаниялары 6-августка чейин каттамдарын токтотту. Aegean Airlines, Qatar Airways, Air France жана Austrian Airlines рейстердин бир бөлүгүн токтотуп, учуулардын мындан аркы жадыбалы окуянын өнүгүшүнө жараша түзүлөрүн билдиришти. Ушундай эле билдирүүнү ливан улуттук авиа ташуучу Middle East Airlines да билдирди.

Мындай коопсуздук чаралары Ливандын түштүгүндө аракеттенген «Хезболла» ислам радикал тобу менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын ырбашына байланыштуу көрүлүүдө.

27-июлда «Хезболла» Израил аннексиялап алган Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждаль-Шамс шаарына ракеталык чабуул жасап, 12 адам каза болгон. Каза тапкандардын көбү балдар, дагы 30 адам жараат алган. Израил ишемби күнкү чабуул үчүн ливандык «Хезболла» тобун айыптап, «душманга катаал жооп кайтарыларын» убада кылып, Газадагы согуш аймакка жайылып кетиши мүмкүн экенин эскерткен.

Иран мындай аракеттер «олуттуу кесепеттерге алып келиши» ыктымалдыгын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш 27-июлдагы ракеталык аткылоону айыптап, тараптарды сабырдуулукка чакырды.

ЦАХАЛ чабуулду 7-октябрдан берки «Израилдин карапайым тургундарына жасалган кандуу кол салуу» деп атады.

Израил 1967-жылы Араб мамлекеттеринин коалициясына каршы алты күндүк согушта Сириянын Голан дөңсөөсүнүн көпчүлүк бөлүгүн жана Иерусалим шаарынын чыгыш бөлүгүн ээлеп, 1981-жылы аннексиялап алган.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты