Бир аптада 13 адамдан коронавирус илдети аныкталды
- 2 года мурун
Бир аптада 13 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Коронавирус жуктуруп алгандарды экөөсү ооруканага жаткырылган, калганы амбулатордук дарыланууда. 27-ноябрдан 4-декабрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат.
Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
Муну бөлүшүү