Билим берүү жаатындагы кыргыз-орус жарманкеси ачылды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 19-августта, Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылындагы «Дельфин» пансионатында билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жармаңкеси ачылды.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жармаңкенин негизги максаты — билим берүү жана илим жаатында тажрыйба, алдыңкы, идеялар, технологиялар жана методикалар менен алмашуу аянтчасын сунуштоо, диалог жана кызматташуу үчүн натыйжалуу платформаны түзүү.

Жарманкеге Орусиянын билим берүү министрлигинин, илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жетекчилери, Орусиянын билим берүү жана илимий уюмдарынын 150дөн ашуун өкүлдөрү катышууда. Алардын арасында “Алабуга” өнөр жай-өндүрүштүк тибиндеги өзгөчө экономикалык аймагы” Акционердик коому, “Орленок” бүткүл россиялык балдар борбору,
“Артек” эл аралык балдар борбору, “Курчатов институту”улуттук изилдөө борбору,
Казань федералдык университетинин Елабуга институту, Россия элдеринин достугу университети,
Санкт-Петербург политехникалык университети, Сколково илим жана технология институту.

Жармаңкенин негизги темалары — санариптештирүү, виртуалдык реалдуулук, педагогдорду жасалма интеллектти колдонуу менен окутуу кошумча кесиптик билим берүү.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты