Билим берүү министрлиги мугалим менен окуучунун энесинин ортосундагы окуяга тынчсыздануусун билдирди  

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарындагы №57 мектептин тарых мугалими менен окуучунун энесинин ортосунда болгон окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Ошондой эле министрлик бул окуяга байланыштуу №57 мектептин администрациясы, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти өз компетенциясынын чегинде иш алып барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганын маалымдайт.

“Министрлик кайсы жерде жана кандай шартта болбосун мугалимди басмырлап, анын беделин түшүрүү жол берилгис көрүнүш экенин баса белгилейт жана ата-энелерди мугалимдерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырат” деп айтылат билдирүүдө.

Социалдык тармактарда мугалим менен окуучу баланын энесинин ортосунда болгон окуя тууралуу видеотасма тараган. Анда окуучу баланын жүрүм-турумуна мугалим бир нече эскертүү бергенден кийин, энеси мугалимдин беделин түшүрө турган сөздөрдү айтып, жалпы окуучулардын көзүнчө урушканын угуп-көрүүгө болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты