Билим берүү министрлиги: мектептерде 5 баллдык система сакталат

  • 4 недели мурун

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде киргизилип жаткан 12 жылдык окууга өтүү программасында 5 баллдык система сакталарын билдирди. Башкача айтканда, окуучуларга эң жогорку «5» деген баа коюла берет.

Министрликтин берген маалыматында, 12 жылдык билим берүү боюнча “Алтын казык” программасында 10 баллдык система каралган эмес.

Ошондой эле, аталган министрлик Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири экенин жана  министрликтин расмий позициясын чагылдырбасын баса белгилеген.

Эске салсак, коомчулукта 12 жылдык окутууда окуучуларды 10 баллдык система менен баалоо киргизилет деген маалымат таркап кеткен эле. Бул тууралуу айрым ЖМКлар да жазып чыгышкан.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты