“Билим айтыштын” жеңүүчүлөрү сыйланды

  • 2 недели мурун

Ош шаарында төкмө акындардын «Билим айтыш» долбоорунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Биринчи орун Өмүр Мамбеттоктого ыйгарылды, ал 100 миң сом алды. 2-орунду -Нурсултан Малдыбаев жеңип алды, ага 80 миң сом, 3-орунда Кутман Садыбакасов 60 миң сом алды.

“Билим айтыштын” бул жолкусу таймашы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, тил жана маданият темаларына арналды.  Аталган долбоор быйыл үчүнчү ирет өткөрүлдү.

“Билим айтышка» катышкан бардык акындар долбоордун уюштуруучусу, эл аралык Интерньюс уюмунун атайын стипендиясы менен сыйланды.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты