Беларустун Еревандагы элчилигине жумуртка ыргытылды

  • 4 недели мурун

Беларустун Еревандагы элчилигинин алдында нааразылык акциясы өттү. Митингге чогулгандар беларус элчисин өлкөдөн чыгарууну жана Минск менен дипломатиялык мамилелерди үзүүнү талап кылышты. Андан кийин имаратка жумуртка, помидор жана картошка ыргытышты.

Армян маалымат каражаттары кабарлагандай, мындай нааразылыкка Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенконун Арменияны кемсинткен билдирүүсү себеп болду. Ал 20-августта Орусиянын мамлекеттик «Россия» телеканалына берген интервьюда: «Армяндардын бизден башка кимге кереги бар? Эч кимге кереги жок. Экономикасын өнүктүрүп, колунда бар нерсе менен оокат кылышсын. Кайдагы Франция, кайдагы Макрон? Макрон эртең кетсе Арменияны бардыгы унутушат» деп айткан.

Элчиликтин жанындагы митингди «Жумурият үчүн» деген партиянын тарапташтары уюштурду. Алар Беларус менен дипломатиялык алакаларды үзүүнү талап кылган кайрылууну даярдап келишти. Ага дагы эки партиянын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кол коюшту.

Лукашенко буга чейин да Армениянын дарегине орой билдирүүлөрдү жасаган. Февралда Еревандын ЖККУга убактылуу катышпоо чечими боюнча комментарий бергенде: «Армениясыз уюм урап калбайт» деп айткан.

Май айында ал азери президенти Илхам Алиев менен жолукканда Тоолуу Карабактагы жаңжалды Азербайжандын «боштондук согушу» деп атагандан кийин Ереван Минскидеги элчисин чакыртып алган. Анда премьер-министр Никол Пашинян Беларусту Лукашенко башкарып турганда өзү жана башка аткаминерлер ал өлкөгө барбай турганын билдирген.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты