Беларус ШКУга расмий түрдө кабыл алынды

  • 2 месяца мурун

4-июлда Астанада Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити башталды.

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 24-жыйыны Казакстандын төрагалыгы астында өтүүдө.

Беларустун уюмга толук кандуу мүчө катары кабыл алынышы – ШКУнун бул жолку саммитинин негизги окуяларынын бири болуп саналат.

2015-жылы Уфада өткөн саммитте Беларус ШКУнун байкоочу макамына ээ болгон. Буга чейин аталган өлкө ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрүнүн катарына кирген.

Беларусту кошкондо эми уюмдун он мүчөсү бар. Дагы эки өлкө байкоочу макамга ээ, 14ү диалог боюнча өнөктөш.

ТАСС агенттиги 4-июлдагы саммитке Орусиянын президенти менен Кытайдын төрагасы, ошондой эле Борбор Азиядагы төрт жумурияттын – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары катышып жатканын кабарлады

Коноктордун арасында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Ирандын президентинин милдетин убактылуу аткаруучу Мохаммад Мохбер жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф бар.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты