Бекназаров: Адвокаттардын лицензиясын алабыз деп коркутуп атып, сот процессине келбей калышууда (Видео)

Бүгүн, 23-августта, Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча Азимбек Бекназаровдун жана Ильгиз Шаменовдун адвокаттарынын сот процессине келбей калышынан улам, ишти кароо 30-августка жылдырылды.

Азимбек Бекназаров соттун жүрүшүн мындайча комментарийледи:

— Мени процесске чакырышкан жок, бирөөлөрдөн угуп алып, өзүм эле келдим. Мыйзам боюнча катчы сотко чакырыш керек болчу. Экинчиден, менин адвокатым сотко келбей калды, Шаменовдуку да келген жок. Биздики мамлекеттик адвокаттар болчу. Өзүбүз алалы десек, адвокаттардын лицензиясын алабыз деп коркутуп жатышты, алардын да үй-бүлөсү, тагдыры бар, аларды кыйнагым келбейт. Бизге тагылган айып боюнча адвокат сөзсүз болушу керек,-деди Азимбек Бекназаров.

Бүгүн, 23-августта, Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот процессине Азимбек Бекназаров менен Ильгиз Шаменовдун жактоочулары келбегендиктен, сот иши 30-августка жылдырылды.

Буга чейин, 6-августта, Бишкек шаардык сотто Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму ачылып, бирок отурум 23-августка жылдырылган.

Соттук отурум жабык түрдө башталган. Ага Азимбек Бекназаров жана Ильгиз Шаменов сот болору тууралуу чакыруу кагазын алышпай, келбей калган.

12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттерди актаган.

Сүрөттө: Азимбек Бекназаров. «ПолитКлиника».

    

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты