Баткенге өрүктү кайра иштетүүчү завод куруу сунушталды

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков Түркиянын Малатья шаарына болгон иш сапарында «Веста» кургатылган өрүк фабрикасынын ээси Хакан Четин менен жолугушуп, Баткен шаарына ушундай эле заводду курууну сунуштаган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «Веста» кургатылган өрүк фабрикасы 2002-жылдан бери иштеп келет. Чыңгыз Токтобеков фабрика менен таанышып чыккандан кийин, Баткен менен Ысык-Көл облустарында өндүрүлгөн өрүктү кайра иштетүүгө жана эл аралык рынокко чыгарууга кызыкдар экендигин билдирген.

«Жолугушуунун жыйынтыгында экологиялык таза продукцияны кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири таанышуу чечими кабыл алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Экономика министрлигинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты