Баткендеги «Өрүкзар» балдар бакчасынын директоруна кылмыш иши козголду

  • 1 месяц мурун

Баткен шаарындагы «Өрүкзар» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору И.С.га карата КР   Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесине ылайык «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу»деген шек менен кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Тергөөнүн жүрүшүндө Баткен шаарындагы «Өрүкзар» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору И.С. 2021-жылдан 2023-жылга чейин мекеменин кызматкеринин эмгек акысын туруктуу негизде өздөштүрүп, анын жалпы суммасы 387 миң сомго жакын экендиги аныкталды.

 Тиешелүү тергөө аракеттери уланып жатканы белгиленди.  

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты