Баткенде убактылуу пункттардагы жарандар биринчи керектелүүчү каражаттар менен камсыздалууда
- 2 года мурун
ББаткенде убактылуу пункттардагы жарандар биринчи керектелүүчү каражаттар менен камсыздалууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-сентярбрда саат 13:00гө карата Баткен облусунда учурда жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эвакуацияланып, убактылуу пункттарына жайгаштырылгандар жууркан-төшөктөр менен камсыз болууда. Ошондой жергиликтүү бийлик тарабынан ысык тамак-аш уюштурулуп жатат. Жеринде ӨКМ кызматкерлери менен кошо Жарандык коргонуу кызматтары, анын ичинде медицина кызматкерлеринен түзүлгөн бригадалар иш алып барууда. Өмүр сакчылары элге психологиялык жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө.
Муну бөлүшүү