Баткенде топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу өттү 

  • 2 дня мурун

11-сентябрдан 17-сентябрга чейин Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.  

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат берилди.

Маалыматта айтылгандай, жолугушуунун алкагында тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашты жана бул ишти Тажикстан аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты