Баткенде мунайды кайра иштетүүчү завод ачылат

  • 2 месяца мурун

Баткендеги мунайды кайра иштетүүчү ири завод ушул жылдын сентябрынан баштап ишке берилет.

Бул тууралуу энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында суткасына 500 тонна мунай иштетүүчү заводдун курулуш иши менен таанышкан.

Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 90%дан ашыгы бүткөндүгү айтылды.

Ал эми заводду болжолдуу ишке киргизүү мөөнөтү 2024-жылдын сентябрь айынын аягына пландалган.

“Инвестициянын жалпы суммасы 91 млн. АКШ доллары. Кызматкерлердин жалпы саны 51 адамды түзөт (анын ичинен 10 түрк адиси, 41 Кыргызстандын жараны). Октябрь айынан тартып 150 жумуш оруну камсыз болот” деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бул завод «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасы менен «Кыргыз-Түрк К — НефтьГаз» ААКсынын (Түркия) ортосундагы кызматташтыктын негизинде “Түндүк Сох” жана “Чонгара Галча” мунай кендерин биргелешип иштетүү долбоорунун алкагында курулуп жатат.

Сүрөт: Энергетика министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты