Баткенде эки жашар кызды сабаганга шектелип өгөй атасы кармалды

  • 3 месяца мурун

Баткенде эки жашар кызды сабаганга шектелип өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки жаштагы кыз денесинен жараат алып, 7-июнь күнү Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн. Бул факт ошол эле күнү Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына кокустук катары катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.

«Бул окуя жаш наристеге байланыштуу болгондуктан Баткен ОИИБдин ыкчам тергөө тобу түзүлүп окуяны тыкыр иликтеп, бул жагдай боюнча жыйналган материалда Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 138-беренесинде (Уруп-сабап кыйноо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар болгондуктан кылмыш иши козголуп, аталган кылмыш иши боюнча наристе кыздын таянеси арыз менен кайрылган», — деп жазылат маалыматта.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Ж.Т. шектүү катары суракка алынып, КРнын КЖПКнин 96-97-берененир негизинде убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты