Баткенде 1000ден ашык киши коопсуз жайга эвакуацияланды

  • 2 месяца мурун

Кечээ, 24-июнь күнү саат 17:00 чамасында Кадамжай районунун аймагында жаап өткөн жаандын кесепетинен Ак-Турпак, Молдо Нияз, Исхак-Полотхан айыл аймактарында сел келип, Эргенек участкасындагы балдар бакчасынын жертөлөсүнө, Жеңиш айылындагы аймактык оорукана жана балдар бакчасынын, Т.Сатылганов атындагы орто мектептин короосуна сел суулары кирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары тарабынан сел суулары кирген турак жайдан жашы жете элек үч бала жана 2 жаран аман-эсен куткарылып, Кадамжай району боюнча жалпысынан 38 куткаруучу тартылган.

ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Т.Айткулов координациялык иштерди алып барып, кошумча күч катары үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 7, Баткен шаарындагы №26 ӨККБдан 2 куткаруучу жана мотопомпа, Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 3-өзүнчө мобилдик взводунан 10 куткаруучу, ошондой эле Жол тейлөө ишканасынан жүктөгүч, жеке менчик 2 экскаватор, жабыркаган жарандарга жардам берүү максатында Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер борборунун айыл аймактык «103» кызматынан үч техника тартылды.

Кадамжай районунун Жеңиш айылында болжол менен 1000ге жакын жергиликтүү жашоочу, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Аэропорт тилкесинде 7 үй-бүлө (жалпы 27 жаран) коопсуз жайга көчүрүлдү.

24-июнда кечке жуук Баткен облусундагы селден Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндөгү Жеңиш айылынын беш жаштагы тургуну каза болду.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты