Баткен: Сел каптаган жерлерден тургундар эвакуацияланды

Баткен районундагы Ак-Татыр айылынын суу каптаган тилкелеринен 11- июлга карганан түнү саат 1:30га карата жалпы 137 жаран алардын ичинен 50сү жаш бала туугандарынын үйүнө көчүрүлдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.  

Ал жерде өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Айткулов баштаган үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын жана Баткен району боюнча ӨКБнын өрт өчүрүүчү куткаруучулары эвакуциялоо иштерин жасап жатышат.

Айыл мектебине убактылуу баш калкалоочу жай уюштурулду.

Буга чейин сел суулары каптаган Баткен районундагы Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкесинен элдерди коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлдү.

Саат 23:20га карата элдерди коопсуз жайга көчүрүү иштерине ӨКМден жалпы 54 куткаруучу, мындан тышкары президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары — көчүрүү комиссиясынын башчысы — Ж.М.Исаков жана облустук жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.

Ал жактан жалпы 108 жаран алардын ичинен 40 жаш бала коопсуз жайга көчүрүлдү.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты