Баткен: Сел калдыктарын тазалоодо 130дан ашык куткаруучу иштөөдө

Бүгүн, 11-июлда, саат 10:00гө карата Баткен районунун Ак-Татыр айылынын Аэропорт, Өрүкзар жана Самаркандек айылынын Орто-Сай тилкесинде ӨКМден жалпы 131 куткаруучу жумуш алып барууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Самаркандек айыл аймагынын Орто-Сай тилкесинде №31 ӨККБдан 10 куткаруучу турак үй жана короосуна кирген сел калдыктарын тазалап жатышат. Ал эми ӨКМдин тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын жана республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 96 куткаруучусу Аэропорт жана Өрүкзар тилкесинде калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары буга кошумча Ак-Татыр айылында селдин кесепеттерин жоюу иштерине 150 адам тартылган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты