Башкы прокуратура “Тазалыктын” жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

  • 1 неделя мурун

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ишкананын айрым кызматчыларына 134,2 тонна, жалпы суммасы 7 млн 179 миң 498 сомдук күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз берип, бюджеттик каражатты коротуу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.  

 “Тазалык” мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянат пайдаланып, 2022-2024-жылдарда мыйзамсыз буйруктарды чыгарып, ишкананын айрым кызматчылары менен жеке автоунааларын кызматтык максатта пайдалануу жөнүндө формалдуу келишимдерди түзүп, күйүүчү-майлоочу майларды өздөрүнүн жана башка кызматчылардын жеке кызыкчылыктарына колдонуп келишкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык прокуратура тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты