Башкы прокуратура Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иш көзөмөлдө экенин билдирди

  • 2 месяца мурун

Башкы прокуратура Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши көзөмөлдө экенин билдирди.  

“Коомчулукта резонанс жараткан 25 жаштагы Маматкулова Айтургандын өлүмү боюнча кылмыш иши 12-июлда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Козголгон иштин алкагында, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилет” деп айтылат башкы прокуратуранын маалыматында.  

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштин тергөөсүнүн жүрүшү башкы прокуратурасы тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Ал бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жаткан. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан.

Социалдык тармактарда Айтургандын видео тасмалары жарыяланып, буга чейин кандай зомбулук көргөнү тууралуу айтылууа.  

Маркумдун жакындары ал дары ичип алып, өз жанын кыюуга барды дегенге ишенбей тургандарын, ал күйөөсүнүн зомбулугунан каза тапкан деп айтып жатышат.     

Ишти учурда Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү териштирүүдө. 

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты