Банктар жана микрокредиттик компаниялар өлкөдөн накталай долларларды алып чыга алышат

  • 1 месяц мурун

Мындан ары банктар, микрокредиттик жана микрофинансылык компаниялар жана акча алмаштыруучу бюролор накталай чет элдик валюталарды өлкөдөн алып чыга алышат. Аталган уруксатты берген токтом «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланган.

Маалыматта айтылгандай, Министрлер кабинети 2023-жылдын 13-январында кабыл алган “Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизген.

Документ 1-1 — пункту менен толукталган:

«Бул токтом накталай чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ болгон Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына жайылтылбайт деп белгиленсин.»

Документ 6-августтагы «Эркин Тоо» гезитине жарыяланган. Ошондой эле токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирери айтылган.

Эскерте кетсек, былтыр, 2023-жылдын 13-январында Министрлер кабинети өлкөдөн накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салган эле.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты