“Балким бир күн сурармын”. Өзгөчө балдар камкордукка, корголууга муктаж  

  • 4 месяца мурун

Ибраим Нуракун уулунун өзгөчө уулу Урмат тууралуу тартылган “Балким бир күн сурармын” аталышындагы тасма толугу менен өзгөчө балдар Кыргыз Республикасынын толук кандуу жараны катары мамлекеттик камкордукка, укугу корголгон коомго муктаж экенин көрсөттү.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өлкөдө кандай өзгөчөлүгү бар бала болбосун, толук кандуу укугу корголуп, коом менен чогуу болушу керек экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай балдарга мамлекеттик деңгээлде камкордук көрүлүп, шарттар түзүлүп, алардын ата-энелерине да колдоо керек.

Урматтын эжеси Зейнеп келечекте инисиндей болгон балдардын укугун коргойм деп Американын эң алдыңкы университетинен юридикалык билим алып жатат.

Фильмге сүрөтчү-дизайнер Гүлжан Иреш режиссерлук кылган.

Тасма англис тилине которулуп, эл аралык кинофестивалдарга да катышары айтылды.

Тасмада Урматтын өзгөчө жан дүйнөсү, ата-эне, жакындары менен болгон тунук сүйүүсү,  коомдогу өгөйлөнгөн көйгөйлөрү тууралуу айтылат.

Ошондой эле Урматтын апасы менен эжеси Зейнептин айтып бергендери келгендердин жан дүйнөсүн козгоп, таасирлентти.

Сүрөт: Акыйкатчы институту

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты