“Бакиевдер менен «апрелчилердин» сүйлөшүүсүнө бийликтин тиешеси жок». Дайырбек Орунбековдон жооп  

  • 2 месяца мурун

“Бакиевдер менен 7-апрелде жакындарын жоготкондордун ортосундагы сүйлөшүүгө бийликтин эч кандай тиешеси жок».

Бул тууралуу президенттин маалымат саясаты кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди.

“Бакиевдер менен 7-апрелде жакындарын жоготкондордун ортосундагы сүйлөшүүгө бийликтин эч кандай тиешеси жок. Каза болгондордун жакындарынан түзүлгөн 217 адамдан турган уюмдун мүчөлөрү өз ара макулдашыптыр. Аларга бакиевдер фабрика куруп берүүнү убада кылгандан кийин, мамлекеттен жер сурап кайрылып, бөлдүрүп алышкан. Менин маалыматымда курулуш иши башталган. Эки тараптын ортосундагы убадалар ишке ашабы же жокпу, жарым жылдын ичинде эле билинип калат. Эгер бакиевдер фабриканы курбай, убадасын аткарбаса – анда мамлекет жер тилкесин кайра алып коет” деп жооп берди президенттик администрациянын маалымат саясаты кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков.  

“Жакындарын жоготкондордон түзүлгөн 217 жарандын фабрика курдуруп алуу демилгесине 7-апрель окуясына байланыштуу түзүлгөн башка 11 коом каршы чыгып жатканы тууралуу дагы сөз болуп жатат. Апрель окуясын жамынып түзүлгөн ар кандай уюмдардын ишмердүүлүгүн жакшы билебиз. Курамында эч ким жок, жалгыз өзү коом ачып алгандар дагы бар. Убагында жабыркагандарга бөлүнгөн акча каражатын жеп алып, бөлүнгөн көмүрдү элге бербей сатып жиберген ызы-чууларды канча уктук? Мээрбек Мискенбаев, Алга Кылычов, Осунбек Жамансариевдердин артынан көп эле сөз ээрчип, айрым иштери боюнча кылмыш иши дагы козголгонго чейин жеткен.

7-апрелде жакындарын жоготкон 217 үй-бүлө мүчөлөрүнөн түзүлгөн уюмдун ишине, жакынын жоготмок түгүл, мурду канабаган, ал окуяга такыр эле катышпаган Темирлан Султанбеков сыяктуулар баа берип, мазмунун бурмалап, “булар Курманбек Бакиевди алып келгени калды окшойт” деген божомолун таңуулаганы — коомчулуктун бүйүрүн кызытуу аракети.

Курманбек Бакиев боюнча мамлекет позициясын бир нече жолу билдирген, ал келсе токтоосуз камакка алынары айтылган. Аны актоо аракети дагы жүрбөйт. Фабрика куруу демилгеси 7-апрелде жакынын жоготкон 217 жаран менен бакиевдердин ортосундагы өз ара сүйлөшүүсү. Мамлекет 217 адамдын “биз каражат таптык, жер бөлүп бериңиздер” деген өтүнүчүн гана орундаткан. Андыктан бул теманы мындан ары талкуулап, түрдүү божомолдорду жаратуунун кажети жок деп эсептейм” деп кошумчалады Орунбеков.

Президент Садыр Жапаров 2010-жылы Апрель окуясында каза болгондордун жакындары Курманбек Бакиевден кун төлөтүп берүүнү суранышканын «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

«Баарынын акыбалын карап туруп бир чети боорум ооруса, экинчи чети 200 үй-бүлөгө шарт түзүп берем деп атса жакшы экен деген ойго келип, 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бердим. Мен 200 эмес, 2 эле үй-бүлөгө бирөө жарым шарт түзүп берип, жашоосун оңдоого салым кошсо кубанамын. Себеби ар бир кыргызстандыктын тагдыры өлкө башчы катары менин мойнумда. Ошол үчүн жер бөлүп берди» деди Жапаров.

Министрлер кабинети “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомуна бөлүп берген жерде 15-20 күн мурун тигүү фабрикасы, бала бакча жана дагы бир имараттын курулушу башталганы белгилүү болду.

«Бозгундагы президент Курманбек Бакиевди актоого кимдер кызыкдар» аттуу материал бул шилтемеде.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты