Байсалов Орусиядагы чектөөлөр кыргыз мигранттарына тиешелүү болбошу керектигин билдирди

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Орусияда мигранттарга чараларды катаалдатуу боюнча сунушталган мыйзам долбоорлору боюнча комментарий берди.

Бул тууралуу 2-августта «X» социалдык тармагындагы баракчасына жазган билдирүүсүндө ал Мамлекеттик Думада талкууланып жаткан өзгөртүүлөр жана чектөөлөр кыргызстандыктарга тиешеси болбой турганын белгиледи.

«ЕАЭБдин негизги принциптерине ылайык, биздин жарандар эмгек рыногунда эркин жана тең укукка ээ. Эгер башкача чечмелөөлөр жана биздин жарандарды үчүнчү өлкөлөрдөн барган мигранттарга теңештирүүлөр болсо, биз үчүн элибизге ЕАЭБге мүчө болуунун маанисин түшүндүрүү өтө оор болуп калат» деп жазган Байсалов.

Орусия миграция мыйзамдарын улам катаалдаштырып келет. Мигранттарга байланыштуу кезектеги мыйзамдар топтомун июлдун соңунда кабыл алды.

Анда полицияга депортациялоо укугу берилип, визасыз жүрүүнүн мөөнөтү эки эсе кыскарган. Мамлекеттик Дума Орусиянын жарандыгын алган чет элдиктердин аскер кызматын өтөө мөөнөтүн эки жылга чейин узартуу сунушун жакын арада караганы жатат. Анда аскерге чакыруу жаш курагын жогорулатуу сунушталган.

Быйыл алты айда Орусияда иштеген 4700дөй кыргызстандык жаран эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жардам сурап кайрылган. Аталган мекеме жарыялаган маалыматка ылайык, мигранттар өз укуктарын коргоо үчүн көмөк сурашкан. Алардын арыздары министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүндө каттоого алынган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча Москвадагы «Сахарово» миграциялык борборунда 78 кыргызстандык кармалып турат.  

Расмий маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Алардын 400 миңден көбү Орусияда.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты