Байрактар канаттарында “Манас” эпосун чагылдырган “Акынжы” аппаратынын макетин мамлекет башчыга тартуулады

  • 6 дней мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, “Baykar Technology” директорлор кеңешинин төрагасы Сельчук Байрактарды кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.  

Жолугушуунун жүрүшүндө аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана коргоонуу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчы “Baykar Technology” сыяктуу алдыңкы эл аралык компаниялар менен кызматташтыкты бекемдөө өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда, улуттук аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрүүдө жана регионалдык коопсуздукту бекемдөөдө негизги ролду ойноорун баса белгиледи.

Сельчук Байрактар “Baykar Technology” компаниясы Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин айтып, чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу жана потенциалдуу коркунучтардын алдын алуу үчүн натыйжалуу токтотуучу факторду түзүү маселелеринде заманбап технологияларды колдонуунун маанилүүлүгүн белгилей кетти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик дараметин чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Сельчук Байрактарды “Даңк” ордени менен сыйлады.

Өз кезегинде Сельчук Байрактар мамлекет башчыга канаттарында “Манас” эпосундагы негизги учурлар чагылдырылган “Акынжы” учкучсуз учуучу аппаратынын сувенир-макетин тартуу кылды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты