Байдендин Германияга сапары ушул жумада болору болжолдонууда

  • 4 дня мурун

АКШнын президенти Жо Байден ушул жумада Германияга барууну пландап жатат.

Бул тууралуу Der Spiegel басылмасы жеке булактарына таянып билдирди.  

Байден Берлинге 10-12-октябрда бармак, бирок АКШдагы «Милтон» бороонунун айынан сапар токтотулган. Ал Берлинде Германия, Франция, Улуу Британиянын жана Украинанын президенттери менен жолугушмак.  

Бул АКШнын президентинин Германияга 40 жылдан берки биринчи расмий сапары болот.

ZDF басылмасынын маалыматы боюнча, Байдендин Берлинге сапары 17-октябрда болот. Ал эми ФРГнын канцлери Олаф Шольц менен жана президент Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушуу 18-октябрга болжолдонуп жатат.  

Сүрөттө: АКШнын президенти Жо Байден. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты