Байден: Украинага кошумча абадан коргоочу системалар берилет

  • 2 месяца мурун

АКШнын президенти Жо Байден НАТО саммитинин ачылышында сүйлөп жатып, Украинага кошумча зениттик-ракеталык системалар берилерин билдирди.

«Украина биз экспорттоп жаткан абадан коргонуучу системаларды биринчилерден болуп алышы үчүн Вашингтон болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт», — деди ал.

Анын айтымында, жакынкы айларда АКШ, Германия жана Румыния Киевге Patriot зениттик-ракеталык системасынан бирден беришет. Нидерланд да башка өлкөлөр менен чогулуп дагы бирди берет. Байдендин белгилешинче, жалпысынан жыл соңуна чейин Украинага өз аймактарын Орусиянын ракеталарынан коргоочу жүздөгөн системалар берилет.

Жо Байден Украинаны колдоо уланарын билдирди. Ал Вашингтондо өтүп жаткан саммиттин катышуучуларына кайрылып: «Путин Украинаны толук баш ийдиргиси келет, украин демократиясына чекит коюп, украин маданиятын жок кылып, Украинаны мамлекет катары дүйнөлүк картадан өчүрүүнү каалайт. Биз билгендей, Путин муну менен токтоп калбайт. Бирок адашпообуз керек: Украина Путинди токтото алат, колунан келет», — деди.

АКШ президенти ошондой эле америкалыктардын көпчүлүгү НАТО альянсы дүйнөнүн коопсуздугун сактарын билишерин белгиледи: «Америкалыктар билишет, биз досторубуз менен чогуу аракеттенген учурда бекембиз».

Украин президенти Владимир Зеленский 9-июлда Вашингтонго барганда НАТОго мүчө өлкөлөргө кайрылып, абадан коргонуучу системаларды, кыргын салуучу учактарды жана кошумча коопсуздук кепилдигин суранарын билдирген. Ал дээрлик согуш башталгандан бери Батышты өлкөнүн абадан коргонуу системасын бекемдөөгө, алыска жете алуучу курал-жарак жагынан жардамдашууга чакырып келген.

Сүрөттө: Жо Байден НАТОнун Вашингтондогу саммитинде. AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты