Байден депортацияланышы керек болгон жүз миңдеген жубайларга мунапыс жарыялады

  • 3 месяца мурун

АКШнын президенти Жо Байден америкалык жарандардын өлкөдө мыйзамсыз жүргөн жана депортацияланышы керек болгон жүз миңдеген жубайларына мунапыс жарыялады. Бул тууралуу БиБиСи кабарлады.

Басылма белгилегендей, мыйзамсыз миграция АКШдагы шайлоо өнөктүгү учурунда талапкерлер үчүн эң маанилүү маселердин бирине айланып, президенттин «жашоосун кыйла татаалдаштырууда».

Ак үй бул мунапыс менен АКШ жарандарынын өлкөдө 10 жылдан кем эмес убакыттан бери жашап жаткан жубайларынын тагдырын жеңилдетүүнү чечкен. Аларга иштөөгө убактылуу уруксат берилет. Президенттик администрациянын эсебине ылайык, бул жаңы эрежелер менен жарым миллиондон ашык киши пайдаланышы мүмкүн.

Май айынын аягында Байден АКШга Мексиканын чек арасы аркылуу келген мигранттардын агымын чектөөгө багытталган жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, эми чек арадан мыйзамсыз өткөндөр АКШда башпаанек сурап кайрыла алышпайт. Ошондой эле иммиграциялык кызматтын өкүлдөрү алардын баш калка берүү тууралуу арызын кабыл албастан, өлкөдөн чыгаруу укугуна ээ болушту.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты