“Баарыбыз бир кезде суйкайган сулуу кыздар болгонбуз”. Өмүрүнүн жарымын жайлоодо өткөргөн аялдардын эки доордогу сүрөтү (Фоторепортаж)

“Баарыбыз бир кезде суйкайган сулуу кыздар болгонбуз”. Өмүрүнүн жарымын жайлоодо өткөргөн аялдардын эки доордогу сүрөтү (Фоторепортаж)

“Артка кылчайып карасам, бүт өмүрүм беш күндүк болуп сезилет”

Жылдар өткөн сайын адамдын тунук жүзүн майда бырыштар басып, чачын ак аралап, дене абдан чоң өзгөрүүлөргө туш болот. Бирок көбүнчө замандын агымы менен жылдар, жаштык кантип билинбей өтүп кеткенин көпчүлүк адамдар байкабай деле калат. Биз бул жолу “Убакыт жана биз” аттуу фотодолбоордо жөнөкөй айылда жашап, өмүрүнүн бир бөлүгүн жайлоодо өткөргөн кыргыз айымдарынын жаш кезде жетпей калган кыялдарын жана басып өткөн жолдорун баяндайбыз. 

“Атам өтүп кеткенден кийин окуумду уланта албадым…”

Ош облусунун Өзгөн районунда кулакка өөн учураган Корс-Этти деген айыл бар. Кууш өрөөндүн ортосунан орун алган бул айылда 350дөн ашуун түтүн жашап, кыргыздардын эски көчмөн турмушунун кээ бир бөлүктөрү сакталып калган. Айылдагы аялдардын дээрлик жарымына жакыны өмүрүндө жок эле дегенде бир жолу жайлоого чыгып, бээ саап, курут кылып көргөн десек болот. Алардын бири Абиба Саттарова. 

“Баарыбыз бир кезде суйкайган сулуу кыздар болгонбуз”. Өмүрүнүн жарымын жайлоодо өткөргөн аялдардын эки доордогу сүрөтү (Фоторепортаж)

Абиба Саттарова 65 жашта. Жаш кезинде мектепти мыкты бааларга бүтүрүп, келечекте мугалим болсом деп кыялданган. Бул максатына жетүү үчүн Жалал-Абаддагы педогогикалык колледжге тапшырып, бүтөрүнө аз калганда атасы каза болуп калгандыктан окуусун уланта алган эмес. Анын айтымында, ага ошол учурдагы элдин караңгылыгы себеп болгон.

“Мектепте жакшы окудум. Үй-бүлөдө жалгыз кыз болгондуктан атам “кызым окуп алсын” деп окууну аяктагандан кийин Жалал-Абаддагы педагогикалык колледжге тапшыртты. Окуп жүргөндө атам каза болуп калды. Кийин билсем, мага эт алып келе жатканда машина сүзүп кетиптир. Атамдын кыркы бүткөндөн кийин окууга бара жатсам, кошуналар жана туугандарыбыз “атасы өлгөн кыз окуйт бекен?” деп аябай жаман сөздөр менен урушуп, акыры окууга баруума тыюу салышкан. Ошентип окуумду бүтүрө алган жокмун. Андан кийин 24 жашымда кошуна айылдагы Койчубай деген адамга турмушка чыгып, беш балалуу болдук”, — дейт Абиба Саттарова. 

Абиба биринчи сүрөттөгүдөй жапжаш кезинде, 1980-жылдан кийин жайлоого чыгып баштайт. Алгач жолдошу менен бирге чыгып жүрүп, кийинчерээк жолдошу да каза болуп калат. Ал учурда Абиба 31 гана жашта болчу.

“Ал учурда жайлоого чыгып тиричилик кылгандар көп болчу. Биз да эл катары жүрдүк. Кийин жолдошум каза болуп калганда да чыктык. Кээде убагында окуумду бүтүп алсам, мектепте эле иштейт элем деп ойлонуп калчумун”, — деп кейийт ал.

Кийин жүзүндөгү бырыштар качан, кантип пайда болгонун, убакыт кантип өтүп кеткенин байкабай деле калганын айтат:

“Убакыт деген учкан куш деп коёбуз го, убагында ал көп деле билине бербейт. Азыр жаш кезимдеги сүрөттү карап, кечээ эле болгондой сезиле берет. 65 жылдык өмүрдө көп эле нерсе жашадым, бирок артка кылчайсам, аз эле убакыттай сезилет…”, — дейт Абиба. 

“6-класска чейин гана окудум”. Көбүнүн өксүгү билим алуу болгон

Айылда жашаган орто муундагы көпчүлүк аялдардын бир калыптагы жашоосу бар. Кичине кезден көрүп, кээде гана учурашып жүргөн адам үчүн бул аялдар ушул эле бойдон жаралгандай, жаш кезинде эч нерсени кыялданбагандай сезилип кетет. Бирок аларды бириктирген жана көксөткөн максаттары болгон. 

“Баарыбыз бир кезде суйкайган сулуу кыздар болгонбуз”. Өмүрүнүн жарымын жайлоодо өткөргөн аялдардын эки доордогу сүрөтү (Фоторепортаж)

Майрамкан Ысмайылова азыркы учурда 77 жашта. Сузак районундагы Ортазыя айылында төрөлүп өскөн. Ал дагы окуусун аяктай албай калган. 

“Кичине кезимде мугалим же бухгалтер болсом деп кыялданат элем. Бирок 6-классты бүткөндөн кийин апам “мунун атасы өгөй болсо ким окутат?” деп окуудан чыгарып алды. Ошол учурда кызык экен, мектептен деле эч ким окусун деп издеп келген эмес. Андан кийин 17 жашымда турмушка чыгып, 11 бала төрөдүм. Кээ бирлерин жайлоодон дагы төрөдүм. Кайненелерибиз “белиңди бекем бууп, төрөй бер десе төрөй бергенбиз да (күлүп). Жайлоого ар жылы жазында чыкчубуз. 40 жылдын жаз-жайы жайлоодо өттү десем болот. Ошону менен жаштыгыбыз деле билинбей өтүп кетиптир”, — дейт Майрамкан Ысмайылова. 

Эргешова Бүсадат да Майрамкан Ысмайлова менен жашташ. “Биз тоонун кыздарыбыз” деп айтуудан тажабайт. Анткени кичине кезинен тартып ата-энеси, андан кийин жолдошу менен көп жыл бою жайлоого чыгышкан. 

“Баарыбыз бир кезде суйкайган сулуу кыздар болгонбуз”. Өмүрүнүн жарымын жайлоодо өткөргөн аялдардын эки доордогу сүрөтү (Фоторепортаж)

“Мен Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылында төрөлүп, кийин 18 жашымда Корс-Этти айылына турмушка чыктым. Ата-энем карапайым адамдар болгондуктан мектепти бүткөндөн кийин билим ала алган жокмун. Ал убакта окугандар да аз болот эле. Турмушка чыккандан кийин он бала төрөдүм, азыр алардын үчөөсү бар. Балдарым төрөлгөндөн кийин аларга тарбия берип эле өмүр бою ушул айылда жашап келем. Ал эми өмүр дегениң бир күнчөлүк эле сезилип калат экен, кантип, качан 73 жашка чыгып калганымды байкабай деле калдым”, — дейт Бүсадат Эргешова. 

Бул айылдын дагы бир тургуну Салима Акматова мектепти бүтүргөн соң медициналык окуу жайга тапшырып, турмушка чыккандан кийин уланта албай калган. Ал учурда дагы “өзүбүз окутуп алабыз” деген сөз айтылып, кийин турмушка чыкканда унутулуп калган дейт.

“Баарыбыз бир кезде суйкайган сулуу кыздар болгонбуз”. Өмүрүнүн жарымын жайлоодо өткөргөн аялдардын эки доордогу сүрөтү (Фоторепортаж)

“Азыр 57 жаштамын. Өзгөндүн Ильичевка деген айылында төрөлүп өстүм. Мектепти бүтүргөн соң медициналык училищага тапшырып, окуп жүргөнмүн. Кийин 21 жашымда турмушка чыгып кеттим. Алгач “өзүбүз окутуп алабыз, кыйратабыз, кокуй” деп айтышкан да. Турмушка чыккандан кийин эле окутпай коюшту. Биздин убакта медициналык окуу жайдагы окуу 1,5 жыл болчу. Ошону менен уланта албай калдым”, — дейт Салима Акматова. 

Андан кийин Салима төрт бала төрөп, 15 жыл бою жаз-жай айларында жайлоого чыгып, тиричилик кылып келгенин да кошумчалады: 

“Айылда эми тиричилик кылганга эгин-тегин анан жайлоо бар да. Биз дагы көпчүлүк эл сымал жайлоого чыгып келебиз. Анткени май, курут кылып алып, кээде сатабыз. Өзүбүзгө да жакшы. Ошентип эле билинбей күндөр өтүп кетиптир”.

Апиза Көчөрова да жаштыгынын өтүп кеткенин байкабай калганын айтат. Бирок бетиндеги уячасы менен жагымдуу жылмаюусу дагы деле сакталып калган.

“Баарыбыз бир кезде суйкайган сулуу кыздар болгонбуз”. Өмүрүнүн жарымын жайлоодо өткөргөн аялдардын эки доордогу сүрөтү (Фоторепортаж)

Анын айтымында, жаш кезинде окуп алууну абдан каалаган, бирок ал максаты турмуштук шарттан улам ишке ашпай калган. 

“Мен азыр 59 жаштамын. Өзгөн районундагы Корс-Этти айылында туулуп-өстүм. Мектепти бүткөн соң айыл өкмөттө анан чөптө иштеп жүрдүм. Ал убакта кыз ала качуу көнүмүш эле адат эмес беле. Биз дагы ошентип эле турмуш курганбыз. Кийинчерээк окуп алсам сонун болмок деп көп эле кейидим. Анткени классика кийип, иштеп жүргөн аялдарды көрүп суктанып калчубуз да (күлүп). Ошондой күндөрдүн биринде кыздарым сапожка анан костюм-юбка кийип, кол чатыр көтөрүп ишке бараткан аялдарды көрсөтүп,  “Апа, карасаңыз, мына эжени алмашайлы да, ошону апа кылып алалы да” деп айтып күлдүрүшкөн. Анан балдарымды багып, кудайга шүгүр кылып, эл катары жашап келе жатабыз”, — дейт Апиза Көчөрова. 

Апиза Көчөрованын жети баласы жана 25 небереси бар. Айылдагы көпчүлүк аялдардай эле жаш кезден жайлоого чыгып, көптөгөн кызыктуу окуяларды башынан өткөргөнүн айтат.

“Кээ бирде биз тааныган аялдар жайлоодо төрөп калган учурлар болот эле. А бизде болсо кээде нөшөрлөп жаан жааган убакта суу өтүп ар жерге кесе коюп уктаган учурлар болгон. 10 жылдан ашык жайлоого чыктым окшойт. Көп эле жакшы күндөр өттү”, — дейт Апиза Көчөрова.  

Жогорудагы аялдардан айырмаланып, Лайли Шералиеванын билим ала албай калуусуна Экинчи дүйнөлүк согуш себеп болгон.

“Баарыбыз бир кезде суйкайган сулуу кыздар болгонбуз”. Өмүрүнүн жарымын жайлоодо өткөргөн аялдардын эки доордогу сүрөтү (Фоторепортаж)

“Мен азыр 88 жаштамын. Беш жашар кезимде Экинчи дүйнөлүк согуш убагында атамды согушка алып кетишти. Тилекке каршы, кайткан жок. Атам кеткенден үч жылдан кийин, сегизге чыкканымда апам да каза болуп калды. Биз, бир туугандарым менен ар кайсы тууганыбыздын колунда калганбыз. Бизди ким колубуздан жетелеп окууга алып бармак эле? Мектептен кийин окуй алган жокпуз. 19 жашымда турмушка чыктым. 12 бала төрөп, арасынан тогуз балам жашап кетти. Эми минтип балдарым чоңоюп, азыр алар мени карап жатышат”, — дейт Лайли Шералиева. 

Лайли Шералиева көзү жакшы көрбөй калса да улуу адамдардын эң сонун сапаты болгон батаны үзбөй берип, жаштарды алкагандан тажабайт. 

Кызыгы, айылдагы аялдардын көбүнүн жаш кездеги көксөөсү билим алуу боюнча калса да бара-бара ага кейибей деле калышкан. Анткени алардын жашоодогу кийинки максаты — балдарын татыктуу тарбиялоо болгон. 

“Тырышып жүрүп айыл башчы болдум” 

Айсалкын Молдокечева алдына чыккан кыйынчылыктарга карабай Жалал-Абад шаарынан бухгалтерия багытында билим алып, окуусун бүтүргөн. 

“Баарыбыз бир кезде суйкайган сулуу кыздар болгонбуз”. Өмүрүнүн жарымын жайлоодо өткөргөн аялдардын эки доордогу сүрөтү (Фоторепортаж)

Мөлтүрөгөн сулуу кыз болгондуктан Айсалкын Молдокечевага көп жерден жуучу чыгат. Ага карабай Жалал-Абад шаарындагы окуусун бүтүргөн соң гана турмуш жолуна аттанган.

“Мектепте абдан жакшы окудум. Андан кийин 1970-жылы бухгалтерия багытында окууга өтүп, эки жыл Жалал-Абад шаарында окуп жүрдүм. Аны бүткөндөн кийин совхоздо бухгалтер болуп бир аз эмгектендим. Ал убакта азыркыдай эркин эмес эле да. Кыздар 30 жаш же 40 жашка чейин иш деп жүрө берген учур чанда кездешчү. Мен да үй-бүлөмдүн үгүтү менен көп өтпөй турмушка чыктым. Ал убакта ала качуу абдан жайылган көрүнүш болсо да мени той кылып ат менен көчүрүп кетишкен”, — дейт Айсалкын Молдокечева.

Турмушка чыккандан кийин Айсалкындын иштөөсүнө көп тоскоолдуктар болгон, ошого карабай өмүр бою ишин таштабаганын айтат.

“Турмушка жаңы чыгып, эки ай иштегенден кийин кайын журтум “иштебейсиң” деп жумуштан чыгарып алышты. Андан көп өтпөй кызым төрөлүп, үч абысыным менен чогуу жашап, абдан жүдөп жүрдүм. Кийинчерээк мен окуп жүргөндө жардам берген жездем кайненемдер менен сүйлөшүп, кошуна айылга жумушка киргизип койду. Ошондон баштап өмүр бою ар кайсы кызматтарды аркалап келдим. Бирок ошол убакта иштеп жүрүү өтө кыйын болчу. Анткени  көпчүлүгү, “иштеп эмне кыласың?”, “чоюлуп ар жерде жүрөсүң!” деп тилдеп турушчу. Ошол себептүү чогулуштар бир аз созулуп кетсе жүрөгүбүз дикилдеп, кечирээк чыгып калсак үйгө чуркап келчүбуз. Бирок кайын журтумдун каршы болгонуна карабай өмүр бою иштегенди токтоткон жокмун”, — дейт Айсалкын.

Айсалкын 27 жашка толгондо жолдошу кайтыш болуп калат. Башына түшкөн тоодой мүшкүлдөргө карабай ишин да, үй-бүлөсүн да алып кетет.

“Иштеп жүргөндө жөнөкөй бухгалтерликтен баштап, жетекчилик кызматтарга чейин аркаладым. Көпчүлүк элдин тандоосу менен айыл башчы болуп да иштеп жүрдүм. Төрт балалуу болгондон кийин жолдошум капыстан каза болуп калды. Ошол убакта 27 гана жашта экенмин. Балдарымды өзүм багып, элден кем кылбай чоңойтконго бүт аракетимди жумшадым”, — дейт Айсалкын Молдокечева. 

Чынында ошол убактарда жолдошу эрте каза болуп калган аялдар экинчи турмушка чыгып кеткен учурлар дээрлик кездешпеген көрүнүш болгону эл арасында байма-бай айтылып келет. 

Ошол эле учурда Айсалкын жумуштан сырткары жай айларында жайлоого чыгып, 20 жыл бою бээ саап келген.

Саламат Мырзатаева да Айсалкын сыяктуу жаз-жай айларында 18 жыл бою жайлоого чыгып, тиричилик кылып келген.

“Баарыбыз бир кезде суйкайган сулуу кыздар болгонбуз”. Өмүрүнүн жарымын жайлоодо өткөргөн аялдардын эки доордогу сүрөтү (Фоторепортаж)

Саламат Мырзатаеванын  айтымында, ал арадан жылдар өтүп кеткенин ден-соолугу начарлап баштаганда гана сезген. 

“Жашоо деген кызык негизи. Кечээ эле жапжаш кыз болуп ойноп жүргөндөй сезилет. Көздү ачып, жумганча 85ке чыгып калдым мен да. Жети бала төрөп, 18 жыл бою жайлоого чыгып жүрдүм”, — дейт ал.

Жаш кезинде Саламат Мырзатаева актриса болууну абдан кыялданган. Бирок ал убакта азыркыдай шарттар болбогонун айтат.

“Биздин убакта кыздар өтө эрте турмушка чыгып, окугандар аз болчу. Мен мектеп учурунда концерттерге активдүү катышып, кийин актриса болсом деп ойлочумун. Азыр болсо балким башкача болмок. Бирок биздин убакта бул кесиптин ээси болуу өтө кыйын эле”, — дейт ал. 

Күнүмдүк иштер, көйгөй жана кубанычка толгон жашоо менен көпчүлүгү жашоосунун ушул тепкичине кантип келип калганын байкабай калгансыйт. Бирок мен көргөн аялдардын баары жашында кандай сулуу болсо, жылдар өткөн сайын бырыштар аларга дагы да көрк бергенсийт. Анткени алардын ар бир бырышында жылдардын эмгеги, тажрыйбасы, үмүтү жана өксүктөрү катылган. 

Автор: Гулиза Урустамбек кызы

Бул материал «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен IDEA CA тарабынан ишке ашырылган MediaJasa долбоорунун алкагында даярдалды. Материал акысыз көчүрүүгө, иштетүүгө жана каалаган чөйрөдө жана автордун атын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен каалаган форматта, анын ичинде коммерциялык максатта жеткиликтүү. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты