Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маймыл чечеги кооптонууну жаратып жатканын билдирди

  • 1 месяц мурун

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маймыл чечегинин таралып жатышын «эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал» деп жарыялады. Тиешелүү чечимди аталган уюмдун Өзгөчө кырдаалдар комитети шаршемби күнү кабыл алды. Бул маалымат Бириккен улуттар уюмунун расмий сайтына чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус X соцтармагындагы баракчасына комитеттин жыйынына катышкан эксперттер азыркы учурда Африкадагы маймыл чечегинин жайылышына олуттуу мамиле кылууну сунушташканын жана ал «бул кеңешти кабыл алганын» жазган.

«Эксперттердин айтымында, январдан бери Африка континентинде маймыл чечек оорусу болуп көрбөгөндөй көбөйүүдө. Оору 15 өлкөдө катталды. Жыл башынан бери жугуунун 2030 учуру тастыкталган, ошондой эле 13 өлүм катталган. Ал эми 2023-жылы бул оору 1,145 адамда катталып, жети адам өлгөн»,- деп айтылат маалыматта.

Маймыл чечек – Orthopoxvirus түрүнө кирген маймыл чечек вирусунан келип чыккан оору. Негизги симптомдору териде исиркектердин пайда болушу же былжыр челдин жабыркашы болуп саналат. Ал эки-төрт жумага созулушу мүмкүн жана дене табынын көтөрүлүшү, баш ооруу, булчуңдардын жана белдин оорушу, алсыздык жана лимфа түйүндөрүнүн шишип кетиши менен коштолот.

Адамдар маймыл чечекти ооруган адамдан, булганган буюм-тайымдардан же ылаңдаган жаныбарлар менен физикалык байланыш аркылуу жуктуруп алышы мүмкүн.

Сүрөт: интернет булагы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты