Азиза Абдирасулова: “Жарандардын маалымат алууга болгон укугу бузулду”  

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 11 журналисттин иши боюнча соттук отурумдан кийин, соттун жүрүшүн, журналисттердин отурум болуп жаткан жерге киргизилбей калышын мындайча комментарийледи.  

-Соттук кароо башталган күндөн тартып, адвокаттар ар бир процессте “кененирээк сот залына киргизип бергиле, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, тууган-уруктары толук катыша алсын” деген өтүнүчтөрүн билдирип келе жатышат. Бул — жарандардын маалымат алууга болгон укугу, ошондой эле журналисттердин чагылдыруу укуктары чектелип жатат. Ал эми кенен сот залынын жоктугу бул журналисттердин же жарандардын көйгөйү эмес, ал — соттордун, мамлекеттин көйгөйү.  

Ачык сот дегени менен, бул жабык эле сот болууда деп айтар элем. Ачык сот дегенде журналисттер кенен катышып, видео тасмага, аудио тасмага тартып, ошолордун канчалык деңгээлде күнөөсү далилденди, коюлган айыптары канчалык деңгээлде далилденди, канчалык деңгээлде жазага туура тартылып жатат же болбосо туура акталды дегендей, коомчулукка маалымат силер аркылуу жетиш керек болчу. Бүгүнкү күндө коомчулук дагы, силер дагы укуктардан ажырап калды, тилекке каршы.

Ал эми кенен зал жок болсо, ал соттордун, бийликтин көйгөйү, зал жок болсо, салык төлөөчүлөрдүн эсебиненби, зал курулуш керек.

Ал эми бүүгүнкү соттун жүрүшүндө Махабат Тажыбек кызы, Сайпидин Султаналиев абдан жакшы сөздөрдү айтты, ошону силер угушуңар, чагылдырышыңар керек болчу. Ошол сөздөр элге силер аркылуу жетиш керек болчу.

Тилекке каршы, терең маанилүү сөздөр чагылдырылбай калды, алар эмне себептен отурушканы. Махабат Тажыбек кызы айтып жатат, “түрмөдө биз жөн отурган жокпуз, ошол жерде иштедик, ошол жерде укугу бузулуп, отургандарга консультация, кеңештерди бердик, балык жедирбестен колдоруна “кайырмак карматып”, өздөрүнүн укугун өздөрү коргой ала турган абалга жардам бердик, ошолордун бир нечеси күнөөсүз экенин далилдегенге мүмкүнчүлүк болуп, бир нечеси эркиндикке чыкты” деп айтты.

Журналисттерге, жарандык активисттерге түрмөдө да жумуш болот экен, адамдардын укугу бузулат экен, чагылдыра турган маалыматтар болот экен деп айтты.

Сайпидин Султаналиев көзгө жаш келе турган нерселерди айтты, “ушул жерде отурган журналисттер менин балдарым менен тең экен, айрымдарынын атасы менден жаш экен, эгерде силерге 11 журналисттин бирөөнү каматыш керек болсо, мени камагыла, калгандарын чыгаргылачы” дейт. Ал журналисттик, аталык, жарандык күчтүү сөздү айтты.

Калгандары дагы ошондой. Мисалы Актилек аябай таң калып жатат, “бир дагы экспертиза мени күнөөлүү деп бүтүм чыгарган жок” дейт, ал жалпы редакцияны, жаматты айтып, андай редакция ар бир жерде бар, ошол үчүн мени жоопко тартыш туура эмес деп айтты. Мен актоочу чечимди гана күтөм деп айтты.

Азамат Ишенбеков ”Силердин бүгүнкү кабыл алган чечимиңер өзүңөр үчүн, өзүңөр жооп бересиңер” деп. Кудайга тапшырдым силерди деди.

Ар бир журналисттин айткан сөзүнүн артында терең философия, терең маани турду. Эми кийинки сот отурумунда башкалар сүйлөйт. 10-октябрда чечим чыгары күтүлүүдө.  

Сот бир саат болду, андан кийин башка сот коюлуп калган экен, -деди укук коргоочу Азиза Абдирасулова.  

Бүгүн, 3-октябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум кийинки жумага, 10-октябрга жылдырылды.

Сот отурумунун жүрүшүндө маалым болгондой, бир катар айыпталуучулар соңку сөздөрүн айта башташкан. Тогуз журналист соттогу соңку сөзүн сүйлөштү. Бирок дагы экөөнө соңку сөзгө убакыт жетпей калды. Сот отуруму аягына чыкпай, кийинки жумага жылдырылды.

11 журналисттин иши боюнча соттук отурум өтүп жаткан бөлмөдө орун жок деген шылтоо менен соттук отурумду чагылдырууга барган бир катар журналисттерди киргизбей коюшту.

Сүрөт: Интернет булактарынан      

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты