Азимбек Бекназаровдун туугандары аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен президентке кайрылды

Оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаровдун туугандары аны үй камагына чыгарып коюу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Кайрылуу саясатчынын уулу Руслан Бекназаровдун Фейсбук баракчасына жарыяланды.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич! Биз сизге кайрылуубуздун себеби, Азимбек Бекназаров же сурак жок, же эч нерсе кылбай түрмөдө жатат. Эмне үчүн, кайсы күнөөсү үчүн жатат? Же Акаев үчүнбү, же Бакиев үчүнбү, же дагы башкабы, ошону факты менен, ачыгына чыгып берсеңиз. Биз, туугандары, жакындары, күйгөнүбүздөн, жаныбыз кашайганынан ушуга барып жатабыз. Эгерде адилеттүү бийлик болсо, ачыгына чыгып бериңиздер”.

“Тууганыбыз улгайып калган мезгилде, түрмөдө жатканы биз үчүн оор болуп жатат. Биздин үнүбүздү уккуңуз келсе, 1-2 өкүлдү кабыл алып, суракты үй камагына алып эле сурашса болмок. Азимбек эч жакка качпайт, качкандар качып, талаалап жүрүшөт. Биз кепилдик бере алабыз. Жок дегенде үй камагына чыгарып койгула” деди Азимбек Бекназаровдун туугандары.

1-октябрда Бишкек шаардык соту Убактылуу өкмөттүн мурдагы мучөсү Азимбек сот Азимбек Бекназаровду 2-ноябрга чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Азимбек Бекназаровго 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Сүрөттө: Азимбек Бекназаров. «ПолитКлиника»  

       

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты