Азимбек Бекназаров кылмыштуу жол менен табылган каражаттарды легалдаштырууга шектелип жаткандыгы айтылды   

Азимбек Бекназаров кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси, кылмыштуу жол менен табылган ири өлчөмдөгү каражаттарды легалдаштыруу беренеси боюнча шектелип жаткандыгын анын уулу Руслан Бекназаров журналисттерге билдирди.

“Бул 2010-жылы ошол кездеги финансы министри Темир Сариев менен сүйлөшүүсү боюнча.  Буга чейин эки жолу суракка барган. Биринчисинде ошол сүйлөшүү боюнча сураган. Экинчисинде Атамбаев менен болгон сүйлөшүү тууралуу сураган экен. 400 миң долларды таможняга алды деген боюнча. Ал ким эле, кандай байланышыңыз бар дегендей. Эки сурак болуп, үчүнчүсүндө камап жатат” деди Азимбек Бекназаровдун уулу.

Ошондой эле Руслан Бекназаров атасынын УКМК тарабынан кечээ суракка чакырылганын жана Камчыбек Ташиевдин жакын адамы телефон чалып, айткандары боюнча да жооп берди.

-Мен Нургазы Анаркуловдун атын атаган эмес элем, ал өзү айтып чыгыптыр. Атам кайрылуу жолдосо, Нургазы аны кайра оңдоп жибериптир. «Камчыбек Ташиев өзбек баатыры деп ачууга алдырып айтып алыптырмын, көрсө ал азыркынын нак баатыры экен” деген сыяктуу текстти чыгарып коюусун өтүнгөн экен. Экинчиден, “Кемпир-Абад боюнча материалды көрдүк, биз адашып калыптырбыз, Кемпир-Абад боюнча Кыргыз мамлекети уткан экен дегендей» деп айтты Руслан Бекназаров.

12-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча сотто сурак берип жүргөн саясатчылардын бири — Азимбек Бекназаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) СИЗОсуна камакка алынганын уулу Руслан Бекназаров билдирди.

Сүрөттө: Азимбек Бекназаров. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты