Азимбек Бекназаров камакта калтырылды

  • 5 дней мурун

Бүгүн, 1-октябрда, Бишкек шаардык сотунда Убактылуу өкмөттүн мурдагы мучөсү Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасы каралды. Шаардык сот Азимбек Бекназаровду 2-ноябрга чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Ошондой эле Бекназаровго козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугу боюнча апелляциялык арыз да каралды.

Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров Фейсбук баракчасына жазды жана соттун жүрүшүнөн видео тасманы жарыялады.   

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Азимбек Бекназаровго 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

“Тергөөнүн жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаровдун укук коргоо органдары тарабынан көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча камакка алынган ири суммадагы акча каражаттарын ыйгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар Азимбек Бекназаров Ысык-Көлдүн курорттук зонасынын аймагында, Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында кымбат баалуу кыймылсыз мүлк объекттерин сатып алуу жана аларды башка адамдарга тариздөө аркылуу кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштыргандыгын айгинелейт. Буга байланыштуу 12-сентябрда Азимбек Бекназаров  кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо) каралган кылмышты жасаган деген шек менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди” деп айтылат УКМК маалыматында.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты