Азимбек Бекназаров эркиндикке чыкты

  • 3 дня мурун

Бүгүн, 4-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Азимбек Бекназаровду боштондукка чыгарды. Бул тууралуу «Азаттык» анын уулу Руслан Бекназаровго шилтеме берип, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, сотто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү Бекназаровдун баш коргоо чарасын үй камагына чыгарууга алмаштырууну суранган. Бирок сот өтүнүчтү четке кагып, Бекназаровду чет жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон.

Эске салсак, 12-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча сотто сурак берип жүргөн саясатчылардын бири — Азимбек Бекназаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан камакка алынганын уулу Руслан Бекназаров билдирген.

Азимбек Бекназаров кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси, кылмыштуу жол менен табылган ири өлчөмдөгү каражаттарды легалдаштыруу беренеси боюнча шектелип жаткандыгын буга чейин анын уулу Руслан Бекназаров журналисттерге айткан.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Азимбек Бекназаровду 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, камаганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты