Ажатканага түшүп кеткен бала куткарылды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 23-сентябрда, Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу “Рухий Мурас” конушунда ажатканага түшүп кеткен 2021-жылы туулган бала аман эсен куткарылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

ӨКМдин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын беш куткаруучусу, атайы шаймандардын жардамында ажаткананын ичине кирип, баланы аман эсен алып чыгып беришкен.

Баланын абалы туруктуу.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты