Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди

  • 2 часа мурун

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасына келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.  

Бул тууралуу МинКаб. сайтында маалымдалды  

Ильхам Алиев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи саммитине катышуу үчүн келди.  

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты