Аз камсыз болгон 146 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификат берилди

  • 2 месяца мурун

«Социалдык келишим» долбоорунун алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 146 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өз ишин баштоо үчүн 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Бул тууралуу 15-июлда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Министрдин орун басары Кыял Жанузакова бул программанын алкагында эки жылдын ичинде райондо 109 бизнес долбоор, алардын басымдуу бөлүгү айыл чарбасында (60), өндүрүштүк сектордо — 42, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө эки, соода чөйрөсүндө беш долбоор ишке ашырылганын белгиледи.

Буга чейин белгилүү болгондой 2022-жылы 2800 адам, 2023-жылы 10 миң адам мамлекеттен ушул багытта көмөк алган. 2024-жылы өкмөт бул максат үчүн 2 млрд сом бөлгөн, бул 20 миң адамга жетет. Дүйнөлүк банктын жардамы менен дагы 3 миң үй-бүлө, ошондо жалпы 23 киши быйыл бизнеси үчүн 100 миң сомдон стартка ээ болмокчу.

Статистикалык комитеттин эсебинде, Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 2019-жылы 20% чейин түшкөн. 2020-жылы пандемиялык шарттан улам бул көрсөткүч 25% чыгып, 2021-2022-жылдары 33% чейин жогорулап кеткен. Бул деген өлкө калкынын үчтөн бир бөлүгү жакыр жашайт дегенди түшүндүрөт.

«Социалдык келишим» долборунун алкагында жардам алгандардын 95,8% айыл жеринде жашаган аялдар түзөт. Иш баштагандардын дээрлик 71% айыл чарба тармагына мүнөздүү экен. Анын ичинде мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү, бал аарычылык, күнөскана, канаттуулар чарбасын ачкандар көп.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты