«Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылы президент менен жолугууну талап кылууда

  • 2 года мурун

«Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылы үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүүдө мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө нааразы экенин билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда Садыр Жапаров президент болуп келгенден бери аялдарды жана балдарды коргоо боюнча институционалдык деӊгээлде дагы, стратегиялык деӊгээлде дагы конкреттүү чаралар көрүлбөй жатканы айтылат.

Андагы маалыматка ылайык, Гендердик теӊ укуктуулукка жетишүү боюнча улуттук стратегия жана ага карата Улуттук пландын долбоору узак убакыттан бери Министрлер кабинетинде кабыл алынбай жатат.    

Мындан тышкары Министрлер кабинетинин түзүмү өзгөргөндөн бери Аялдардын иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеӊештин бир дагы жыйыны өткөн эмес.

Ошондой эле укук коргоочулар Жогорку Кеңеш балдарды зомбулуктун бардык формаларынан коргоонун механизмдери камтылган «Балдар жөнүндө» кодексти үч окуудан өткөн соң өкмөттүн демилгеси менен артка чакыртып алганын сынга алышкан .

«Сиз 2021-жылдын декабрь айында журналисттер менен жолугушуу учурунда «Балдар жөнүндө» кодекстин жаӊы редакциясына кол коё тургандыгыӊыз жөнүндө элге ачык сөз бергенсиз, бирок бул тилекке каршы, ушуга чейин ишке аша элек. Өлкө эки жылдан бери балдарга карата зомбулукту токтотуу боюнча аракеттер планысыз жана төрт жылдан бери – балдар үчүн юстиция мамлекеттик программасыз жашап жатат», — деп жазылат кайрылууда.

Кайрылууда маалымдалгандай, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине республиканын бардык райондорунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну уюштуруу үчүн социалдык кызматкерлердин 500 бирдигин бөлүү, калкка маалымат берүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө 25 млн. сом бөлүп берүү убадаланган. Бирок бул маселе бүгүнкү күнгө чейин чечилген эмес.

Мындан сырткары Эмгек жана социалдык камсыздоо, миграция министрлигин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоону координациялоо функциясын бекитүү жөнүндөгү ченемдик документи кабыл алына элек.

«Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар үчүн  бир гана муниципалдык борбор иштейт. Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу мамлекеттик ТВ, радио каналдардын, билим берүү системасынын, Маданият министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндө артыкчылыкка ээ эмес. Жакырчылык, жумушсуздук, эмгек миграциясы, алкоголизм, наркомания, лудомания сыяктуу социалдык көйгөйлөр үй-бүлөлөрдөгү зомбулук тобокелчилигин жогорулатууда», — деп айтылат кайрылууда.

Укук коргоочулар мындай жагдайда өлкө башчыларынын жалпыга маалымдоо каражаттарын өлкөнүн беделин түшүрбөө үчүн аялдарга жана балдарга карата зомбулук жөнүндө маалыматтарды чыгарбоого чакыруусу орунсуз экенин айтып, президент менен жолугууну талап кылышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты