Аялдардын эл аралык күнү: жаралуу тарыхы жана мааниси

Бүгүн дүйнө эли Аялдардын эл аралык күнүн белгилеп жатат. “ПолитКлиника” медиасы бул күндүн жаралуу тарыхы жана мааниси тууралуу баяндап берет.

Эмнеден башталды?

1908-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында 15 миң жумушчу аял иш саатынын кыскартылышын, айлык-акынын жогорулашын  жана добуш берүү укугун талап кылып жумуш ташташат.

1910-жылы Эл аралык конференцияда германиялык белгилүү ишмер Клара Цеткин аялдардын тең укуктуулугу үчүн күрөштүн эл аралык күнүн белгилөөнү сунуштаган. 17 өлкөдөн келген өкүлдөр бул сунушту бир добуштан колдошкон. 1911-жылы Германия, Австрия, Дания, Швейцария, биринчи жолу бул майрамды белгилешкен.

Эмнеге 8-март?

Майрамдын пайда болуусуна себепкер болгон Нью-Йорктогу жумуш таштоо 28-февралда болгон. Клара Цеткин майрамга конкреттүү бир датаны сунуштаган эмес. Бул майрам биринчи жолу 19-марта Германияда белгиленген. Кийинчерээк дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндө ар түрдүү аталыштар менен белгилене баштаган. Бирок 1975-жылы Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 8-мартты «Аялдардын эл аралык күнү» деп жарыялаган. 

Дүйнө эли бул күндү кантип белгилейт?

Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда бул күн эс алуу күнү деп жарыяланган. Бир канча жылдан бери Бишкек шаарында аялдардын тилектештигин билдирген жөө жүрүштөр өтүп келет. 

АКШда болсо президен салттагыдай америкалык айымдардын жетишкендиктерин жана мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеген билдирүү чыгат. Ал эми Кытайда айымдардын жумуш сааты төрт саатка кыскартылат.

Эмне үчүн маанилүү?

Азыркы айымдар өз каалоосу менен турмушка чыгып жана билим ала алат. Бирок ошол эле мезгилде дискриминация дагы деле жашап келет.

— Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, дүйнө жүзү боюнча аялдардын орточо эмгек акысы эркектердикине караганда 23% аз.

— Аялдар эркектерге караганда үй жумуштарын эки эсе көп кылышат. Эгер бул жумушка эмгек акы төлөнгөндө ал 10,8 триллион доллар болмок.

— Жогорку бийлик органдарында аялдар орточо эсеп менен 25,5 пайызды гана түзөт

— Дүйнөдөгү ар бир үчүнчү аял сексуалдык зордук-зомбулука кабылат.

Даярдаган: Айзат Таалайбек кызы

Сүрөт: Гулиза Урустамбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты