“Аялдар, тынчтык жана коопсуздук: Борбор Азия өлкөлөрүндө жана Афганистанда туруктуулукту бекемдөө” жыйыны өтүүдө

  • 3 дня мурун

Бүгүн, 3-октябрда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук: Борбор Азия өлкөлөрүндө жана Афганистанда туруктуулукту бекемдөө” темаcынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын диалогунун жыйыны өтүүдө. 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, иш-чараны ачып жатып, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Диалог өзүнүн үч жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде гендердик теңчилик маселелерин илгерилетүү жана узак мөөнөттүү мамилелерди өнүктүрүү максатында ар тараптуу талкуулоо үчүн натыйжалуу аймактык аянтчага айлангандыгын белгиледи. 

Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө жүздөн ашык катышуучу — мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, парламент мүчөлөрү, жарандык коомдун жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн эл аралык уюмдарынын эксперттери Борбор Азия регионунда тынчтыкты бекемдөөгө, кызматташууга жана туруктуу өнүгүүгө аялдардын олуттуу катышуу маселелери боюнча мамлекеттер аралык жана саясий процесстерге катышуу үчүн зарыл чараларды жана сунуштарды иштеп чыгууга салым кошуу үчүн чогулушту.

“Форумдун алдына төмөнкү милдеттерди коебуз: Тынчтыкты жана регионалдык кызматташтыкты бекемдөөгө аялдардын салымын жана катышуусун карап чыгуу үчүн жогорку деңгээлдеги диалог платформасын берүү; Региондук коопсуздуктун негизи катары климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо процесстерине аялдардын катышуусун камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды иштеп чыгуу; Борбор Азия регионунда тынчтыкты бекемдөөгө, кызматташууга жана туруктуу өнүгүүгө аялдардын олуттуу катышуу маселелери боюнча жалпы көз карашты жана сунуштарды иштеп чыгуу” деди Жамиля Исаева. 

“Аялдар, тынчтык жана коопсуздук: Борбор Азия өлкөлөрүндө жана Афганистанда туруктуулукту бекемдөө” жыйыны өтүүдө

Сүрөттөр: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты