Атасынын зомбулугуна кабылган беш жашар бала реабилитация борборуна жаткырылды

Беш жашар баланын атасынан зомбулук көргөн видео социалдык тармактарга жайгаштырылгандан кийин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлине караштуу аймактык башкармалыктын кызматкерлери абалды изилдөөгө кошулуп, баланы убактылуу ата-энесинин кароосунан ажыратып, үй-бүлө жана балдарды реабилитациялоо борборуна жаткырышты.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Баланын зомбулукка кабылышы боюнча экспертиза дайындалды.

Маалыматта айтылгандай, зоблукка кабылган бала Ош шаарындагы адистештирилген үй-бүлө жана балдарды реабилитациялоо борборуна убактылуу жаткырылды.

Социалдык тармактарда тараган видео тасмадан 3-4 жашар уулун төшөктөн тургузуп, урушуп, сөгүп, анын апасынын кайдадыр кеткенин айтып, караңгыда эшикке түнөйсүң деп эшикке кубалап чыккандыгын көрүүгө болот

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул окуя Ош облусунун Алай районунда болгонун, милицияга 39 жаштагы И.Т. алынып келингенин билдирди. Ал баласын урушуп жаткан видеону аялы менен пикир келишпегендиктен тартканын жана ага жибергенин билдирген. Анын аялы Орусияда миграцияда жүргөн.  

Ошондой эле милиция кызматкерлери видеотасмадагы жаш баланы текшерүүгө алып, дарыгерлерге көрсөтүп, денесинде эч кандай жаракат аныкталган эместигин билдирди. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты