Аталар күнүн жана энелер күнүн белгилөө жөнүндө мыйзамга кол коюлду

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров аталар күнүн жана энелер күнүн белгилөө жөнүндө мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен жыл сайын белгиленүүчү Аталар күнү (15-март) жана энелер күнү (майдын үчүнчү жекшембиси) белгиленет.

Мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган.

2012-жылдан баштап ар жылы май айынын үчүнчү жекшембиси энелер күнү катары белгиленүүдө. 

2012-жылдын 23-апрелинде ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев энелер күнүн белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон. Ошондон бери май айынын үчүнчү жекшембиси энелер күнү катары майрамдалууда.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты