«Ата-Бейиттин» сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева көз жумду

  • 1 месяц мурун

“Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева каза тапты.

Бул тууралуу президент Фейсбук баракчасына жазды.      

«Бүбүйра апанын “Ата-Бейит” апаатын жүрөгүнө канчалаган жыл бою жүк кылып сактап жүрүп, акыры атасынын аманаты катары ачыкка чыгарып, кыргыз тарыхына ташка тамга баскандай из калтыргандыгын ар бир кыргыз жараны жакшы билет. Бүбүйра апа сырын ачпаганда, биз мамлекет түптөөчү аталарыбыздын бир далайын билбей каларыбыз анык эле. Ата Мекени үчүн башын сайган аталардын баасы-баркы бүгүнкүдөй ачылбай, алардын укум-тукумдарынын көксөөсү суубай кала бермек беле, ким билет?

Кандай болгон күндө дагы тарыхыбызды тактоого, ата-бабаларыбыздын урпактары үчүн өмүрүн сайып, өзүнчө мамлекет болууга жасаган эмгектерин ачып чыгууга нар көтөргүс салымын кошту.

Эң өкүнүчтүүсү бабаларыбыздын көксөгөн мүдөөсү болгон Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө Бүбүйра апа катышып, ошол ата-бабалардын эбегейсиз эмгектеринин даңазаланышын өз көзү менен көрүп калса болбойт беле…

Өлүмгө айла жок экен. Баарыбыздын бараар жерибиз да ошол. Мен Бүбүйра апанын жакындары менен туугандарына жана жалпы эле кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтам, аза кайгысы менен тең бөлүшөм” деп жазды Садыр Жапаров.

“Ата-Бейит” — саясий репрессиянын курмандыгы болгон адамдардын сөөгү коюлган жер. Чоң-Таш айылына жакын жерде 1938-жылы 5-ноябрь жана 8-ноябрь түнүндө 138 киши атылып, көмүлгөн.  

Алардын катарында Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Касым Тыныстано жана башкалар болгон.

Алардын бейити тууралуу атасынан уккандарын Таш-Дөбө айылынын тургуну Бүбүйра Кыдыралиева айтып бергенден кийин сөөктөрдү казуу башталган.

Тарыхый чындыкты калыбына келтирүүгө кошкон салымы үчүн Бүбүйра Кыдыралиева “Эрдик” медалы менен сыйланган.    

Сүрөттө: Бүбүйра Кыдыралиева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты