«Ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилди нускоочу тирегибиз боло бериңиздер». Президенттин куттуктоосу

  • 3 недели мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрда, Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

«Негизги максатыбыз – улуу муундун өкүлдөрү коопсуз коомдо кадыр-барктуу өмүр сүрүүсүн, мамлекеттин өнүгүүсүнө толук кандуу катышуусун камсыз кылуу. Анын негизинде Кыргызстанда карыларыбыздын турмуш шарттарын жакшыртуу саясатын жүргүзүү боюнча активдүү иш-чаралар күч алууда» деди президент.

Мамлекет башчынын айтымында, ата-апаларыбызды татыктуу пенсия менен камсыздоо аракеттери акыркы үч жылда чоң көрсөткүчкө жогорулады. Алсак, 2022-жылы пенсиялар орточо 33 %га көбөйсө, 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомго чейин, ал эми пенсиялар 38 %га жогорулады. 2024-жылы пенсияларды эки этап менен жогорулатып, октябрь айынан тарта өлкөдөгү эң аз пенсияны 6900 сомго жеткирүү тапшырмасын койгонмун. Бул тапшырманын негизинде 1-июлдан тартып пенсиялар пенсиянын толук базалык бөлүгүнө чейин, тагыраагы 3170 сомго жеткирилген. 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 %га жогорулап, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6900 сомду түзөт.

«Буга чейинки басып өткөн өмүр жолуңуздарда өлкөбүздүн, кийинки муундун жаркын келечеги деп кылган кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. “Карынын сөзү – акылдын көзү” деген накыл кеп сымал, сиздердин берген кеп-кеңешиңиздер азыр да биз үчүн абдан баалуу. Жашооңуздардын ар бир күнү жакындарыңыздардын жылуулугу менен толуп турсун! Ар дайым ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилди нускоочу тирегибиз болуп жүрө бериңиздер. Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалайм! Бар болуңуздар!” деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты