Ат-Башы токой чарбасынын 160,9 га жерин ээлеп алуу боюнча Нарын облусунун губернаторунун экс-орун басары кармалды  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жер жана суу көзөмөлдөө кызматы менен бирге токой фондусунун аймагындагы жер тилкесин өз алдынча ээлеп алуу, ошондой эле туризм тармагында коммерциялык максаттар үчүн имараттарды жана курулуштарды уруксатсыз куруу фактысын аныктады.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында A.И.A. аттуу жаран 2005-2007-жылдары Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп иштеп туруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Чар» токой чарбасынан 160,9 гектар жерди бекер пайдаланууга алгандыгы айытлат.

Ал 2007-жылдан ушул убакка чейин аталган жер тилкелерин пайдаланганы үчүн бюджетке эч кандай милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөн эмес.

Мындан  тышкары, мейманкана, ресторан, мончо жана башка имараттар максаттуу багытын өзгөртпөстөн жана уруксат документтери жок тургузулуп, туризм тармагында коммерциялык максатта колдонулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында А.И.А. кармалып, тергөө абагына камакка алынды.

    

Архивдик маалыматтарга караганда, 2005-2007-жылдары облустук администрациянын башчысынын биринчи орун басары болуп Абдыгазиев Исабек иштеп келген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты