Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачылды

  • 1 неделя мурун

Казакстандын борбору Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда расмий ачылды.

13-сентябрга чейин өтө турган мелдештерге 80ден ашуун өлкөдөн 3000ден көбүрөөк спортчу катышары кабарланган.

Кыргызстандан 253 спортчу кетти. Алар спорттун 21 түрүнөн күч сынашарын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачылыш аземине катышуу үчүн кошуна өлкөгө барды.

Мелдештер Астананын алты жериндеги стадион жана комплекстерде уюштурулуп, 97 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жыл катары менен Ысык-Көлдө уюштурулган. 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты