“Асманыңыздар ачык болсун!” Жарандык авиация күнүнө карата куттуктоо

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, өлкөнүн жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчынын куттуктоосу расмий сайтка жарыяланды.

-Ушул жылдын август айында Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Эл аралык жарандык авиация уюмунун авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча аудитинен ийгиликтүү өткөндүгү кубанычтуу кабар болду. Бул Кыргызстандын авиациясы бардык эл аралык стандарттар менен талаптарга жооп берет деген сөз.

Ошону менен катар Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында бүгүнкү күндө «Манас» эл аралык аэропортунун жеке каражатынын эсебинен «Кербен», «Каракол», «Талас», «Нарын» жана «Казарман» аймактык аэропорттору толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, четинен колдонууга бериле баштады. Ал эми аба кемелери паркыбыз жаңы учактар менен толукталып, жаңыртылууда.

Мындан тышкары, жаңы эл аралык «Жалал-Абад» аэропортун куруу маселеси иштелип жатат.

Соңку жылдары жаңы багыттар ачылып, Кувейт, Түштүк Корея, Азербайджан, Сауд Аравиясы менен аба каттамдары жолго коюлду. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн агымы барган сайын артып барат. Бул дагы өлкөбүздүн эл аралык кызматташтыгын бекемдөөнүн үстүндө иштер кызуу жүрүп жаткандыгын күбөлөйт. Ушу тапта «Манас» эл аралык аэропорту болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкендигин сыймыктануу менен белгилейм. Эгер 2019-жылы «Манас» эл аралык аэропортунун таза кирешеси 2 млрд 108 млн сомду түзсө, 2023-жылы таза кирешеси 6 млрд. сомго жетип, өсүү темпи 52 % түздү. 

Элибиздин аба мейкиндиги аркылуу карым-катнашын камсыз кылууга багытталган жоопкерчиликтүү ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун! 

Асманыңыздар ачык болсун!- деп айтылат куттуктоодо.

Сүрөттө: «Манас» эл аралык аэропорту. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты