«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы сентябрдын аягында ички каттамдарын ачат

  • 1 месяц мурун

«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы 27-сентябрда тартып ички аба каттамдарын ачат.  Ага ылайык, Талас, Нарын, Караколго аба каттамдары ачылат.

Бул тууралуу компаниянын директору Жолдошбек Айдаралиев журналисттерге билдирди.  

Айдаралиевдин айтымында, алгачкы каттам 27-сентябрда Бишкек-Ош багытында болмокчу.

Ички каттамдар үчүн «Асман Эйрлайнс» жаңы үч учак сатып алган, алардын биринчиси — 80 орундуу Dash 8-400 учагы августта келет. Экинчиси сентябрда келери күтүлүүдө. Компания ноябрь айында дагы бир учак сатып алмакчы.

Ички каттамдарга билетти сайттан жана  «Манас» аэропортунун тиркемесинен сатып алууга болот.

Мындан бир жыл мурда эл аралык “Манас” аэропорту “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы түзүлгөндүгүн билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты